Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 9-августу № 11
“Жон айылына курулган балдар бакчасын ишке берүү жана ысым ыйгаруу жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы ,
Жон айылындагы айылдык жыйындын протоколу менен Жон айылындагы жергиликтүү бюджеттен курулган жаңы балдар бакчасын эксплуатацияга алынып, баланска берилгендигине байланыштуу бакчаны ачуу жана ысым берүү боюнча Жон айылынын айыл башчысы И.Орозматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылындагы жергиликтүү бюджет тарабынан курулуп бүткөрүлгөн 90 орундуу балдар бакчасы ишке берилсин.
2. Балдар бакчасына Жон айылынын тургуну, көп жылдар бою бала бакчада тарбиячы болуп иштеген маркум Алишова Арзыкан Калдаровнанын ысымы ыйгарылсын.
3. Бала бакчага кабыл алынган балдардын тамак-ашына, кышка карата отун-көмүр каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп каржылоо жагы камсыздалсын.
4. Бала бакчага коюулуучу ысымдын табличкаларын мыйзам чегинде уставка ылайык даярдоо жагы арыз ээси Алишовдорго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |