Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 9-августу № 14
“Карача айылына Ж.Адишов көчөсүнө асфальт жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылына үстү жабык кичи футболдук аянтчасынын курулушун аягына чыгаруу боюнча Жудомушов Болоттун демилгеси менен түрткү берүүчү грантына жалпы сметалык наркы 2 959,0 млн. сомду түзгөн долбоору даярдалып, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 400,0 млн сому калган 2 559,0 млн. сому Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин экономиканы өнүктүрүү фондуна сунуш кылуу долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылына Ж.Адишов көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө Б. Жүдөмүшовдун долбоору жактырылсын.
2. 400,0 мин сом Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөп берилсин.
3. 2 559,0 млн. сом Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан берилүүчү түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттык долбоорунан суралсын.
4. Долбоорду толугу менен аткарууга, техникалык жана юридикалык иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
5. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдетин аткаруучуга милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |