Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
VI кезексиз сессиясынын
2021-жылдын 13-октябры № 1
“Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VI - сессиясы, “Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө” Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан жөнөтүлгөн сунуштама катты, прокурордун орун басары Н.Д.Жумаевтин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан катта көрсөтүлгөн жарандар өзүнүн жана жакындарынын декларациясын 2019-жыл жана 2020-жылдарга тез арада толтуруп тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
2. Бешик-Жон айыл аймагындагы муниципалдык жана мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп отурган жарандар ар жылы өзүнүн жана жакындарынын киреше жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырууну түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы, токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жана жеке жарандарга жеткирүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Этика жана Мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |