Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
VII кезексиз сессиясынын
2021-жылдын 13- октябры № 3
“Материалдык жардам жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VII – сессиясы, Бешик-Жон айылынын тургуну, азыркы күндө гемодиализ алып жаткан Токторов Курстандын 2021-жылдын 15-ноябрындагы Түркияда өткөрүлүүчү бөйрөгүн алмаштыруу операциясына акча каражатын сурап кайрылган арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бешик-Жон айылынын тургуну Токторов Курстанга Түркияда өткөрүлүүчү бөйрөгүн алмаштыруу операциясына Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50 000(элүү миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.
Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.
Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Этика жана Мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |