Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
VII кезексиз сессиясынын
2021-жылдын 23-ноябры № 1
“Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн тургундарын таза суу менен камсыздоого шарт түзүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VII – сессиясы, айыл тургундарын таза суу менен камсыздоого айыл арасындагы суу түтүктөр эскилиги жетип алмаштыруу муктаждыгы тургандыктан, жаңы суу түтүктөрүн жүргүзүп элди таза суу менен камсыздоону уюштурууга Европа Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылануудагы “Таза суу жана канализация системасын калыбына келтирүү” долбоорунун алкагына кирүү үчүн Базар-Коргон ИСКАКБга кошулуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл тургундарын таза суу менен камсыздоого айыл арасындагы суу түтүктөр эскилиги жетип алмаштыруу муктаждыгы тургандыктан, жаңы суу түтүктөрүн жүргүзүп элди таза суу менен камсыздоону уюштурууга Европа Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылануудагы “Таза суу жана канализация системасын калыбына келтирүү” долбоорунун алкагына кирүүгө Базар-Коргон ИСКАКБга кошулууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Этика жана Мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |