Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
VII кезексиз сессиясынын
2021-жылдын 23-ноябры № 2
“Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн тургундары 2009-жылдын 31-июлуна чейин өз алдынча турак жай куруп жиберген тургундарынын турак жайларын мыйзамдаштыруу жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомун аткарууга алуу үчүн, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн тургундары 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мөөнөттө өз алдынча турак жай куруп жиберген тургундарынын турак жай алдыларындагы жер тилкелерин “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу максатында Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карача айылынын Сай участкасындагы № 515 контурунда жайгашкан 1,20га; Карача айылынын Мадыш-Жон участкасындагы № 312 контурунда жайгашкан 1,20га; Карача айылынын Беш-Колот участкасындагы № 572 контурунда жайгашкан 0,20га; Баймундуз айылынын Ноо участкасындагы № 563 контурунда жайгашкан 3,70га; Баймундуз айылынын Кемпирбай-Жон участкасындагы №907 контурунда жайгашкан 1,60га; Баймундуз айылынын Бакчанын жанындагы участкасындагы №445 контурунда жайгашкан 9,0га; Бешик-Жон айылынын Банянын асты участкасындагы № 818 контурунда жайгашкан 1,70га; Бешик-Жон айылынын Тыт-Гараж участкасындагы № 623 контурунда жайгашкан 3,35га; Бешик-Жон айылынын Боромбай участкасындагы № 804 контурунда жайгашкан 2,0га, №803 контурунда жайгашкан 0,30га жана № 692 контурунда жайгашкан 2,80га; Бешик-Жон айылынын Чымчык-Жар участкасындагы № 682 контурунда жайгашкан 5,50га; Бешик-Жон айылынын Желим-Көз участкасындагы №833 контурунда жайгашкан 4,65га; Жон айылынын Бөрүбай-Жон участкасындагы №780 контурунан 7,50га; Жон айылынын Катта-Көл участкасындагы № 755 контурунда жайгашкан 2,0га; Жон айылынын Мойдун-Жон участкасындагы № 753 контурунда жайгашкан 0,70га жалпысынан 47,40га мамлекеттик менчиктеги айыл чарба категориясынын сугат айдоо жер тилкелерин аталган токтомдун талаптарына ылайык ал жерлерге чектөө коюлбагандыгын эске алып, айыл чарба категориясындагы жер тилкелерин “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул маселе боюнча даярдалган юридикалык иш кагаздардын топтому жердин категориясын жана түрүн которуу(трансформациялоо) жагдайлары боюнча райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссиясына корутунду чыгарып берүүгө сунуштоо жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн расмий WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. 5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Акматалиевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |