Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2021-жылдын 30-декабры № 2
“Бешик-Жон айыл аймагынын тургундарына “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовдун Бешик-Жон айыл аймагына эмгеги сиңип кызмат кылган айыл аймагынын тургуну Кудайбердиев Кадыржанды Базар-Коргон районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кудайбердиев Кадыржанга Базар-Коргон районунун “Ардакту атуулу” наамын ыйгарууга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылынсын.
2. Бул токтомду жана айыл окмттн сунуштарын кошмо жыйынга сунуш кылуу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |