Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2021-жылдын 30-декабры № 3
“Баймундуз айылына дарыкана курууга жер ажыратып берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Жеке ишкерлерди колдоо максатында Баймундуз айылынын тургуну Ж.М.Абжапаровдун Баймундуз айылына дарыкана курууга арендага жер сурап кайрылган арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.М.Абжапаровко дарыкана курууга керектелүүчү жер аянты ижарага иштетүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |