Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2022-жылдын 26-январы № 1
“Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга аткарылышы жана 2022-жылдын сметасын бекитүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин отчету жана 2022-жылдын сметасын бекитүү жөнүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүнүн башкы бухгалтердин милдетин аткаруучунун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюждетинин аткарылышы жөнүндө отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн бюджети 2022-2026-жылдарга бекитилген социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын негизинде каралсын. 2022-жылга киреше бөлүгү 17 246,6 анын ичинен атайын каражатка 2400,0миң сомго бекитилсин.
3. 2022-жылы Республикалык бюжетинен жергиликтүү бюджетине берилүүчү теңдөөчү гранттар 5843 миң сомго бекитилсин жана биринчи орунда корголгон беренелерге, комуналдык чыгымдарга жана тамак-аш беренелерине жумшалсын .
4. Бюджет кодексинин 24-беренесине ылайык резервтик фондко 148,0миң сом каралсын.
5. Жаратылыштагы күтүүсүз табигый кырсыктары үчүн 200,0 миң сом акча каражаты каралсын.
6. Ушул сессиянын чечими менен 2022-жылга бекитилген бюджеттин суммасынын чегинде КР бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн сунуш берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысына тапшырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык пландан ашыкча кирешелердин көлөмү аныкталуусу эскертилип жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган каражаттарды каржы министрлиги тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, сессиянын чечими менен чыгымдоо каралсын.
8. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн төрт айылында бирден айыл башчы бекитилсин.
9. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата аскерге милдеттүүлөрдүн саны үч миңден ашык болгондугуна байланыштуу айыл өкмөт боюнча 4 ВУС инспектору оруну бекитилсин.
10. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө тушүүчү салыктарды өндүрүү салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
11. Бюджет кодексини 110-беренесине ылайык жүгуртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү 50,0 миң сомго бекитилсин.
12. Атайын каражаттар эсебинин киреше бөлүгүндөгү балдар бакчасына барган балдардын ата-энелеринен түшкөн акча каражаты сметага негиз тамак-аш сатып алууга гана жумшалсын.
13. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
14. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
15. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |