Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2022-жылдын 26-январы № 2
“Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 2022-жылдын сметасын бекитүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 2022-жылдын сметасын бекитүү жөнүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу К.Нышановдун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдын бюджети №1 тиркеменин негизинде бекитилсин.
2. 2021-жылдан өндүрүлбөй калган акча каражатын өндүрүү 2022-жылга чогултуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагалыгына 10-февралдан кечиктирилбестен шайлоо уюштурулсун.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |