Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2022-жылдын 26-январы № 3
“Бешик-Жон айыл аймагынын вет.сервистин ветеринардык адистеринин айыл өкмөт тургундардын мал жандыктарын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү мал жандыктарды кароодо вет.сервистин ветеринардык адистеринин кызмат көрсөтүүдөгү тарифин жөнүндө А.Калаевтин сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү мал жандыктарды кароодо ветеринардык адистердин кызмат көрсөтүүдөгү тарифи №1 тиркеменин негизинде бекитилсин.
2. Көрсөтүлгөн тариф боюнча кызмат акысын төлөп берүү жагы мал ээлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |