Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги X сессиясынын
2022-жылдын 28-январы № 1
“Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 2021-жылга аткарылышы жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын бюджетинин отчету жөнүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу К.Нышановдун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету”канааттандыраарлык эмес”деп табылсын.
2. Бюджеттин аткарылышы боюнча “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине толук маалымат берүү К.Нышановго милдеттендирилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагалыгына шайлооого добуш берүү укугу менен катышууга депутаттык топ түзүлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасын шайлоого депутаттык топ №1 тиркеме бекитилсин.
5. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине проектилер боюнча келген айыл чарба шаймандарын тактоо жана маалымат берүү айыл өкмөт башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |