Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги X сессиясынын
2022-жылдын 28-январы № 2
“Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү бала бакчаларга ата энелер тарабынан айына чогултулуучу төлөмүн бекитүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү бала бакчаларга ата энелер тарабынан айына чогултулуучу төлөмүн жогорулатуу жөнүндөгу айылдарда өткорүлгөн ата энелердин атынан келген М.Мендибаевтин, бакча жетекчилери жана алардын атынан келген Г.Сейдиева, А.Саматова, Б.Эргешова, С.Ныязовалардын сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү бала бакчаларга ата энелер тарабынан айына берилүүчү төлөм 500(бешижүз) сом деп бекитилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |