Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясынын
2022-жылдын 17-февралы № 2
“Бешик-Жон айыл аймагынан Сары-Талаа жана Кара-Жыгач участкасындагы кайракы үлүш жерлерге шарттуу сугат суу чыгаруу жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XII сессиясы, Баймундуз айыл башчысы Б.Жалиловдун Бешик-Жон айыл аймагынын Сары-Талаа жана Кара-Жыгач участкасындагы жалпы 570га кайракы үлүш жерлерге шарттуу сугат суу чыгаруу жөнүндө долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынан Баймундуз айылынын Кара-Жыгач участкасындагы кайракы үлүш жерлерге, Карача айылындагы Сары-Талаа кайракы фондунун жерлери жана үлүш жерлерге 4358 метр жерге шарттуу сугат суу чыгаруу жөнүндөгү Б.Жалиловдун долбоору жактырылсын.
2. Долбоордук грантка 1684 400(беш жүз миң)сом акча каражаты Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. 15 159 609 миң сому Жалал-Абад өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Долбоордун техникалык жана юридикалык иш кагаздарын даярдоо иштерин бүтүрүү жагы айыл башчы Б.Жалиловко тапшырылсын
5. Долбоорду толугу менен мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Адишовко жүктөлсүн.
6. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |