Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясынын
2022-жылдын 17-февралы № 3
“Бешик-Жон айыл аймагында айыл чарба жерлерин жазгы талаа жумуштарына даярдоого, сугат суу каналдарын, арыктарын ремонттоо жана тазалоо жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XII сессиясы,Бешик-Жон айыл аймагында айыл чарба жерлерин жазгы талаа жумуштарына даярдоо максатында сугат суу каналдарын, арыктарын ремонттоо жана тазалоо жөнүндө “Тамчы-Булак” жана “Карача-Суу” СПАларынын башчыларынын билдирүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагындагы каналдарды жана чон арыктарды оңдоо, тазалоо иштерин аныктоо үчүн Бешик-Жон айыл өкмөтү тарабынан комиссия курамы түзүлсүн.
2. Комиссиялык топтун корутундусунун негизинде ондоп түзөө иштерин жүргүзүүгө райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго иш кагаздарын даярдоо “Тамчы-Булак” жана “Карача-Суу” СПАларынын башчыларынын тапшырылсын.
3. Смета түзүүгө керектелүүчү акча каражатын Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |