Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясынын
2022-жылдын 17-февралы № 5
“Бешик-Жон айыл аймагынан Сары-Талаа жана Кара-Жыгач участкасындагы кайракы үлүш жерлерге шарттуу сугат суу чыгаруу жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XII сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын Кара-Жыгач участкасындагы жалпы 0,30га шарттуу сугат суу чыгарууга эски суу насостун ордун муниципалдык менчикке алуу жөнүндө жер адистин сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынан Баймундуз айылынын Кара-Жыгач участкасындагы 0,30га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Адишовко жүктөлсүн.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |