Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI отурумунун
2022-жылдын 18-январы № 6/1
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы маданият кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Ленин айылдык Кенешинин депутаты Ж.Ажиакматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенешини отуруму токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы маданият кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө депутаты Ж.Ажиакматовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Согонду айылындагы Ы.Кадыров атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери иштөө тартибин сактап ,эл менен тыгыз байланышта болуп, маданий массалык иш-чараларды мезгил-мезгили менен өткөрүп турушсун жана ар кандай ийримдер менен иштөөнү колго алуу, жыл ичинде ремонт иштерине бөлүнгөн акчаны сарамжалдуу пайдалануу маданият үйүнүн директору Ч.Осмоновго милдеттендирилсин.
3.Түзүлгөн иш-чаранын негизинде иш алып баруу,окуучуларды , калктын калын катмарын китеп окууга кызыктырып тартуу жана китеп фонддун көбөйтүү боюнча иш алып баруу ар бир айылдагы китепкана башчыларына тапшырылсын жана маданият кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери канааттандырылсын деп баалансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага: | Орозали уулу Таалайбек |