Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI отурумунун
2022-жылдын 18-январы № 6/2
Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын тургуну Акыл Сарыбаевдин үй салуу үчүн алган жери жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын тургуну Акыл Сарыбаевдин үй салуу үчүн алган жери боюнча арызын карап чыгып, Ленин айылдык Кеңешинин отурумутоктом кылат:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын тургуну Акыл Сарыбаевдин үй салуу үчүн алган жерин документтештирүү үчүн жерди тактап чыгып , мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана айыл өкмөт башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш , транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага: |
Орозали уулу Таалайбек |