Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI отурумунун
2022-жылдын 18-январы № 6/3
Сопу-Коргон айылынын тургуну А.Кудаяровдун Гагарин айылындагы Гүлчө дарыясынын боюнан балык чарбасын уюштуруу боюнча 6 (алты) га жер берүү жөнүндө
Сопу-Коргон айылынын тургуну А.Кудаяровдун Гагарин айылындагы Гүлчө дарыясынын боюнан балык чарбасын уюштуруу боюнча 6(алты) га жер берүү жөнүндө арызын карап чыгып , Ленин айылдык Кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Сопу-Коргон айылынын тургуну А.Кудаяров сураган Гагарин айылындагы Гүлчө дарыясынын боюнан балык чарбасын уюштуруу жөнүндө 6 (алты) га жерди тактап чыгып , мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана айыл өкмөт башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш , транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага: | Орозали уулу Таалайбек |