Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI отурумунун
2022-жылдын 18-январы № 6/4
Гагарин айылынын тургуну Кайрат Ормоновдун Гагарин айылынын сай боюнан балык чарбасын уюштурууга жер берүү жөнүндө
Гагарин айылынын тургуну Кайрат Ормоновдун Гагарин айылынын сай боюнан балык чарбасын уюштурууга жер берүү жөнүндө арызын карап чыгып , Ленин айылдык Кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Гагарин айылынын тургуну Кайрат Ормоновго Гагарин айылынын сай боюнан балык чарбасын уюштурууга жер берүү үчүн жерди тактап чыгып , мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана айыл өкмөт башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш , транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага: | Орозали уулу Таалайбек |