Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин XXVII сессиясы
2022-жылдын 18-январы № 6/5
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022- жылдын 13-январдакы ата-энелер чогулушунун № 2 токтомун , № 11 Б.Арзиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын13-январындакы № 1 токтомун, №31 Г.Маманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чогулушунун №1 токтому жана №28 “Согонду-Наристе” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январындакы токтомун бекитип берүү боюнча балдар бакчаларынын башчылары Т.Жусуева , А.Каримбердиева , Б.Токтобаева , А.Бокееванын билдирүүлөрү жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесиндеги тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январдакы ата-энелер чогулушунун № 2 токтомун , № 11 Б.Арзиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесиндеги тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын13-январындакы №1 токтомун, №31 Г.Маманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесиндеги тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чогулушунун №1 токтому жана №28 “Согонду-Наристе” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесиндеги тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январындакы токтомун бекитип берүү боюнча мекеме жетекчилери Т.Жусуева , А.Каримбердиева , Б.Токтобаева , А.Бокееванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап , Ленин айылдык Кенешинин отуруму токтом кылат:
1.Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин 2022-жылдын 13-январындакы ата-энелер чогулушунун №3 токтомун, №11 Б.Арзиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чогулушунун № 7 токтомун, №31 Г.Маманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чогулушунун №1 токтому жана №28 “Согонду-Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чолгулушунун № 11 токтомун бекитип берүү боюнча мекеме жетекчилери Т.Жусуеванын , Н.Сакенованын, Б.Токтобаеванын, А.Бокееванын билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Мектепке чейинки билим брүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдарды ар жыл сайын 1-июлдан 31-августка чейин жайкы эс алууга чыгарууга жана ай сайын ата-энелерден төлөнүүчү мүчөлүк акыдан бошотуу жагын карап мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин .
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Орозали уулу Таалайбек |