Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин XXVII сессиясы
2022-жылдын 31-янавры № 7/2
Ленин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2021-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2022-жылдын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2021-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2022-жылдын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин билдирүүсүн жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановдун докладын угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.2020-жылга кирешенин аткарылышы-22238,1 миң сом, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт- 14950,9 миң сом , өздүк киреше- 4072,2 миң сом анын ичинен атайын каражат- 240,9 миң сом ,өткөн жылдан калган калдык- 1755 ,5 миң сом , республикалык бюджеттен берилген максаттуу трасферттер-1269,6 миң сом жана чыгашабөлүгү- 20000,6 миң сомго бекитилсин.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга карата киреше бөлүгү -23050,2 миң сомго (анын ичинен өткөн жылдан калган калдык- 2158,0 миң сом , атайын каражаттан өткөн жылдан калган калдык -79,5 миң сом , теңдештирүүчү трансферт-13827,5 миң сом, өздүк киреше-5863,6 миң сом , анын ичинен атайын каражат-947,2 миң сом республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер-1121,6 миң сом) жана чыгаша бөлүгү-21950,9 миң сомго аткарылышы боюнча маалыматы жактырылсын.
3.Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү-19456,3 миң сомго бекитилсин анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 13507,0 миң сом, өздүк киреше-5949,3 миң сом, болгондугу белгиленсин. (анын ичинен атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү-1296,0 миң сом )
4.Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга карата болжолдуу планы-19589,3 миң сомго, (анын ичинен теңдештирүүчү трансферт-13507,0 миң сом, өздүк киреше-6082,3 миң сом) 2024-жылга карата болжолдуу планы-19686,3 миң сомго (анын ичинен теңдештирүүчү трансферт-13507,0 миң сом , өздүк киреше-6179,3 миң сом) бекитилип, мыйзам чегинде толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынсын.
5.Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматкерлеринен, бардык билим берүү жана маданият тармагынын мекемелеринин жетекчилеринен талап кылынсын, ошондой эле аны көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б.Мамановго тапшырылсын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
Төрага | Орозали уулу Таалайбек. |