Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VII шайланган кезектеги VII отурумунун
2022-жылдын 31-январы № 7/3
Ленин айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык 863,5 миң сом акча каражатын 2022-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 863,5 миң сом калган калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Ленин айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 863,5 миң сом калган калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 863,5 миң сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге иштетилсин.
Аталышы | Бөлүк | Берене | Сумма (миң сом) |
Балдар бакчасы | 70911 | 31112390 | 863,5 |
Жыйынтыгы: | 863,5 | ||
3.2021-жылдан калган калдык акча каражатын 2022-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп,тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөсүн.
4.Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
Төрага
| Орозали уулу Таалайбек |