Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII отурумунун
2022-жылдын 8-февралы № 8/1
Мурдаш айылынын Түлөбай участкасынын жашоочуларынын арызынын негизинде Мурдаш айылынын Мурдаш-1 көчөсүнүн №6в дарегиндеги айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер тилкесине 30 орундуу балдар бакчасын куруу үчүн уруксат берүү жөнүндө
Ленин айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз VIII отурумунунЛенин айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнчабашкы адистин убактылуу кызматтык милдетин аткаруучу Д.Түгөлбаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун негизинде Ленин айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Мурдаш айылынын Мурдаш-1 көчөсүнүн№6в дарегинде жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган аянты 1657,50 чарчы метр болгон жер тилкесине жаңыдан 30 орундуу балдар бакчасын куруу үчүн чектелип берилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү Алай архитектура жана шаар куруу ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсы
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго тапшырылсын.
Төрага | Орозали уулу Таалайбек |