Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган)
жетинчи сессиясы
2022-жылдын 22-январы № 7-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына тамак-аш сатып алуу үчүн акча каражатын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына тамак-аш сатып алуу үчүн акча каражатын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына тамак-аш сатып алууга 2022-жылга 3 089 400,00 (үч млн сексен тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты жыл ичинде бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына тамак-аш сатып алууга которулган атайын банктык эсебин көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Амановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э. |