Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган)
жетинчи сессиясы
2022-жылдын 7-январы № 7-4
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Иш пландын өз убагында жана толук аткарылышын көзөмөлгө алып туруу Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К. Заировага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |