Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин V шайланган кезектеги XXV сессиясы
2022-жылдын 22-январы № 7-5
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022- жылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү планына АРИСтин CASA 1000 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында санариптик рентген медициналык аппараттарын сатып алуу долбоорун киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү планына АРИСтин CASA 1000 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында санариптик рентген медициналык аппараттарын сатып алуу долбоорун киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши.
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү планына АРИСтин CASA 1000 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында санариптик рентген медициналык аппараттарын сатып алуу долбоору киргизилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген АРИСтин CASA 1000 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында санариптик рентген медициналык аппараттарын кабыл алуу, баланска тургузуу жана ишке киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Женишбай у. Э |