Загрузка документа…
VI чакырылышынын 2-сессиясынын
ТОКТОМ
2021-жылдын 25 майы №2/02
“Жаңы курулган мектептин имаратын Көк-Бел айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жеке демөөрчү А.Раев тарабынан курулган жаңы мектеп имаратын айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берүү боюнча жазган арызын карап чыгып жана талкуулап Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке демөөрчү А.Раевдин арызы канааттандырылсын.
2. Жалпы балансалык баасы 3 434 226сом турган башталгыч класстар мектебинин имараты Көк-Бел айылөкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет-экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Б.Ашимов