Загрузка документа…
VI чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 09 июлу №5-02
“Көк-Бел айыл аймагынын коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставы элдик жыйында талкууланып, жалпы элдин пикирин эске алуу менен кабыл алынгандыгын жана ушул уставды сессияда бекитип берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 4-главасынын 31- беренесинин 2- бөлүмүнүн 8- пунктуна ылайык Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (ИАСС) айылдык Кеңеште каттоого алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Бел айылдык Кеңешинин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.А.Жороевге милдеттендирилсин.
Төрага А.Б.Ашимов