Загрузка документа…
VI чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 19 августу №7-01
“Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык чарба “Көк-Бел Тазалык” ишканасын уюштурууга уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык чарба “Көк-Бел Тазалык” ишканасын уюштуруу максатында Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык чарба “Көк-Бел Тазалык” ишканасын уюштурууга уруксат берилсин.
2. Ишкана түзүүгө тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Айткуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Б.Ашимов