Загрузка документа…
VI чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-августу №7-02
“Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык лизингалык техникалык сервис уюштурууга уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык лизингалык техникалык сервис уюштуруу максатында Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лизингалык техникалык сервис уюштурууга уруксат берилсин.
2. Ишкана түзүүгө тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Айткуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага А.Б.Ашимов