Загрузка документа…
VI чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-августу №7-03
“Сырым-Юг” жоопкерчилиги чектелген коомунун арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чалкуйрук мрамор кенин иштетүү жөнүндөгү “Сырым-Юг” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору К.Аттокуровдун арызын карап жана талкуулап, Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сырым-Юг” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору К.Аттокуровдун арызы канааттандырылсын.
2. Экологиялык коопсуздугун жана экономикалык пайдалуулугун сактап, кенди иштетүүгө уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага А.Б.Ашимов