Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04 февралы №6-1
“Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасынынын орун басарларын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларына сунуш берилип, добушка коюлган талапкерлердин ичинен жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган депутаттар Бедиярова Гүлзар жана Осмонов Совет Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайлансын.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев