Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-2
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана саламаттыкты сактоо тармагында зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Омурзакова Барихан-айылдык кеңештин депутаты;
· Малаева Уулкан-айылдык кеңештин депутаты;
· Мамытов Кененбай-айылдык кеңештин депутаты;
· Арзыматов Эркинбек-айылдык кеңештин депутаты;
· Жоробаев Зияидин-Кызыл-Туу тез жардам бөлүмүнүн фельдшери;
· Темирбаев Замир-Жалал-Абад шаарындагы “Щит и меч” кузөт агентствосунун жетекчиси;
· Жаныбекова Кызжибек- Кызыл-Сеңир айылынын аялдар комитетинин төрайымы;
· Дооронова Бүбайша- Орто-Азия айылынын аялдар комитетинин төрайымы;
· Бараканов Нурбек-Жашасын-2 айылынын айыл башчысы.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
.
Төрага: Т.Джороев