Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-4
“Мундуз айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 25.09.1997-жыл №67 “Географиялык аталыштар жөнундө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Мундуз айылынын ички жаңы конуш көчөсүнө Арзыматов Төлөгөндун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү укук жана мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мундуз айылындагы ички көчөгө Арзыматов Төлөгөндүн ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Арзыматов Төлөгөн атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев