Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-6
“Социалдык-экономикалык өнүгүү планына артыкчылыктуу деп табылган чакан долбоорлорду жана жаштардын өнүгүү планын бекитип берүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, CASA-1000 долбоорунун талаптарына ылайык, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү таасир этүүчү коридордогу Таштак, Көк-Булак-1, Жашасын-2, Кызыл-Сеңир жана Талаа-Булак айылдарынын артыкчылыктуу деп табылган чакан долбоорлорду жана жаштардын өнүгүү планы бекитип берилсин.
2. Жаштардын өнүгүү планы жана жогорудагы айылдардын артыкчылыктуу деп табылган чакан долбоорлору Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
3. Жаштардын өнүгүү планын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүу акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу Кызыл-Туу айыл өмөтүнүн ТКАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы М. Матиевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев