Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-7
“Жер аянттарын ижарага жана сатуу боюнча аукцион эрежелерин 1 (бир) жылга бекитүү, мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысы ” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер аянттарын ижарага жана сатуу боюнча аукцион эрежелери 1 жылга бекитилип, кабыл алынсын.
2. Мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысы 1 га үчүн бир жылдык мөөнөткө 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтомду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго, жер адиси М. Омуралиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев