Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-8
“Фельдшердик-акушердик пунктка жер ажыратуу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 29-беренесин жетектеп, Ак-Баш айылынын тургундарынын арызынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайрылуусун негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Баш айылындагы Э. Төрөбаев атындагы орто мектептин жанындагы 0,04 га жер аянтын курулуучу ФАПка сурап жазган кайрылуу каты канааттандырылсын.
2. ФАП курууга макулдук берилсин жана курууга 0,04 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Мыйзам негизинде ФАП куруу үчүн жерди тактап ажыратып берүү жагы, керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев