Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-9
“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө
Ак-Баш айылынын айыл башчысынын билдирүүсүнүн негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 27-август 2021-жылдагы отурумунун протоколун негиздеп, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 4, 13, 15, 25-беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Баш айылындагы айыл чарба багытындагы жер аянтына кирген 0,40 га жер тилкеси муниципалдык менчике алынсын.
2. 0,40 га жер аянтын айыл чарба жер категориясынан курулуш алдындагы жер категориясына которуу жагы Сузак райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинен жана Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.
3. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев