Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-10
“Орто-Азия айылынын тургуну, жеке ишкер У. Кадыркуловдун кайрылуусу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 26-беренисинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Орто-Азия айылынын тургуну У. Кадыркуловдун Көк-Арт дарыясынын кун батыш тарабынан (МХО участкасы) пайдаланылбай жаткан жер аянтына кирпич чыгаруучу завод куруу максатында сурап кайрылган арызын канааттандырган протоколун жер адиси М. Омуралиевдин баяндамасында угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Азия айылынын тургуну, жеке ишкер У.Кадыркуловго Көк-Арт дарыясынын күн батыш тарабынан (МХО участкасы) кирпич чыгаруучу завод куруу үчүн 5,0 га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде жерди тактап, иш кагаздарын мыйзам чегинде тиешелүү мекеме-уюмдардан даярдоо жагы жер адиси М. Омуралиевге, арыз ээси У. Кадыркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду ишке ашыруулусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго жана айыдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев