Загрузка документа…
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-февралы №6-11
“Орто-Азия айылынын тургуну У. Кадыркуловдун кайрылуусу ” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Орто-Азия айылынын тургуну У. Кадыркуловдун Көк-Арт дарыясынын кун батыш тарабынан пайдаланылбай жаткан жер аянтын өздөштүрүүгө сурап кайрылган арызын канааттандырган протоколун жер адиси М. Омуралиевдин баяндамасында угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Азия айылынын тургуну У.Кадыркуловго Көк-Арт дарыясынын кун батыш тарабынан (Орто-Сай участкасы) өздөштүрүү үчүн 4,0 га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде жерди тактап, иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы жер адиси М. Омуралиевге, арыз ээси У. Кадыркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду ишке ашыруулусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго жана айыдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Т.Джороев