Загрузка документа…
(7 – чакырылышы) кезектеги VIII– сессиясынын
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-январы №8/2
“Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө”
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 3953,0 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 71,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2022- жылга айылдык бюджетине 1-январына каралган калдыктын эсебинен чыгашалар боюнча багыттар №1- тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2022-жылдын 1- январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ынтымак айылдык кеңешинин “Экономика , бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Р.Исамов
Ынтымак айылдык кеңешинин (7-чакырылышы)
кезектеги VIII-сессиясынын №2- токтомуна
№ 1 –тиркеме.
№ | Чыгашалардын аталышы | сумма |
1 | Ички чарбалык каналдарды тазалоо ж/а бузулган лотокторду оңдоо | 170 |
2 | Дөң-Маала айылындагы трансформаторду оңдоо | 50 |
3 | Таш-Булак айылындагы сайга зуб куюу | 40 |
4 | Аскердик каттоо мобилизациясы үчүн | 52,6 |
5 | Арзыбай миң башы көчөсүнө таза суу чыгарууга | 50 |
6 | Акшар айылына таза суу тартууга | 100 |
7 | Беш-Буркан айылына сугат суу алып келүү үчүн | 400 |
8 | Жаңы курулган ооруукананын ремонт убагындагы электо энергиясынын карызы | 30 |
9 | Борбордук спорт комплексинин курулушуна | 2000 |
10 | Жаңы курулган оорууканага ажааткана жана утилизация курууга | 294,9 |
11 | Жаңы курулган ооруукананын айланасын тосуу | 235,2 |
12 | Жаңы курулган ооруукананын ичиндеги төрөткана менен УБДТнун ортосун аква менен бөлүү | 34,9 |
13 | Библиотека кызматкерлеринин эмгек акысы
| 124 |
14 | Соц. фондко чегерүү | 21,4 |
15 | Барчын балдар бакчасына кошумча бөлмө курууга | 300 |
16 | Т. Кулатов мектебинин электро энергиясынан карызы | 50 |
| Бюджеттик эсептеги чыгашалар жыйынтыгы: | 3953 |
| Атайын каражат | 34 |
| ГОКЗ (депозит) | 7,5 |
| Жарыктандырууга кетүүчү каражаттар үчүн | 37,6 |
| Жалпы чыгашалар жыйынтыгы: | 71,6 |
|
|
|
| Жалпы: | 4024,6 |
Ынтымак айылдык кеңешинин
жооптуу катчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М.Мурзаканов