Загрузка документа…
(7 – чакырылышы) кезектеги VIII– сессиясынын
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-январы №8/3
“Каримберди калкттуу конуштун жашоочуларынын 2022-жылдын 17-январындагы Ынтымак айыл аймагына караштуу Каримберди калкттуу конушту айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү чечими тууралуу”
Ынтымак айылдык кеңешинин депутаттары Ынтымак айыл аймагына караштуу Каримберди калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча Каримберди калктуу конуштун жашоочуларынын жыйынында кабыл алынган чечимин карап жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагына караштуу Каримберди калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча Каримберди калктуу конуштун жашоочуларынын чечими колдоого алынсын.
2. Ынтымак айыл өкмөтү тарабынан Каримберди калкттуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча тиешелүү маалыматтар жана Каримберди калкттуу конуштун Схематикалык картасы, чек ара баяндамасы менен даярдалып, Каримберди калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча сунуш Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко тапшырылсын.
Төрага Р.Исамов