Загрузка документа…
VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-декабры №26
“Т. Абдиев атындагы маданият үйүнүн 450 орундуу көрүүчү залын жана 250 орундуу бий залын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каржылоосуна долбоор даярдоо жана өздүк салымын бекитип берүү жөнүндө”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн үч-Терек айылындагы Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн директору Т.Кадырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «үч-Терек айыл өкмөтүнүн Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн 450 орундуу көрүүчү залын жана 250 орундуу бий залын капиталдык ремонттон өткөрүү» долбоору, Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталсын.
2. Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталган «үч-Терек айыл өкмөтүнүн Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн 450 орундуу көрүүчү залын жана 250 орундуу бий залын капиталдык ремонттон өткөрүү» долбоорунун өздүк салымы үчүн 300,0 миң сом акча каражаты Атайын фонддун каражатынын эсебинен бекитилип берилсин.
3. Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каржылоосуна долбоорду даярдап тапшыруу жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Байсабаевке жана Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн директору Т.Кадырбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: А. Дөөлөткелдиев