Загрузка документа…
VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-декабры №27
“Такталык айылындагы бир көчөгө Такталык ФАПтан баштап Ниязалиев Эркинбектин тамына чейинки көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Ниязалиев Абдинин атын берүү жөнүндө”
Маркум Ниязалиев Абди 1920-жылы Кетмен –Төбө өрөөнү, азыркы Токтогул районунун Такталык айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы 21 жашында согушка кетип, 1946-жылы кайтып келген. Согуштан кайтып келгенден баштап колхоздо уйчу, пахта талааларында жумушчу болуп иштеген. Эл арасында кадыр барктуу инсан болгон.1947-жылы үй-бүлө күтүп, жети балалуу болуп, аларга татыктуу тарбия берген. 1969-жылы 49 жаш курагында каза болгон.
Такталык айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Такталык айылындагы бир көчөгө Такталык ФАПтан баштап Ниязалиев Эркинбектин тамына чейинки көчөгө маркум Ниязалиев Абдинин аты берилсин.
2. Ошол көчөнүн жолдорун ондоого, көчөлөрүн көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы уулу Ниязалиев Эркинбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: А. Дөөлөткелдиев