Загрузка документа…
VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-декабры №28
“Үч-Терек айылынын Мастерской участогундагы бир көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Жанчаров Үркүналынын атын берүү жөнүндө”
Маркум Жанчаров Үркүналы 1918-жылы Токтогул районунун Торкент айылында туулган. 1939-жылы Советтик Армиянын катарына аскердик кызмат өтөөгө чакырылып, 1941-жылы демоблизацияланууга туура келген учурда Улуу Ата Мекендик согуш башталып ага биринчи күндөн катышкан.Согуш учурунда эки жолу жарадар болуп госпиталда дарыланып кайрадан согушта болгон. Согуш учурунда көрсөткөн эрдиктери үчүн «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги үчүн», «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «Улуу жеңиштин 20-жылдык жана 30-жылдык юбилейлик медалдары » менен сыйланган. Согуштан алган жаракатынан улам, II топтогу майыптыкка чыккан. Согуштан 1945-жылы кайтып келгенден кийин, Токтогул районундагы май заводдо эсепчи болуп 1948-жылга чейин эмгектенген. Ден соолугуна байланыштуу, 1948-жылдан баштап 1960-жылга чейин Үч-Терек райпосунда жумушчу, 1960-жылдан 1979-жылга чейин М.Горький атындагы орто мектебинде чарба бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
Эл арасында кадыр-барктуу инсан болгон. 1946-жылы үй-бүлө күтүп, жети балалуу болуп, аларга татыктуу тарбия берген. 1989-жылы 71 жаш курагында каза болгон.
Үч-Терек айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын Мастерской участкасындагы бир көчөгө, Ажибекова Керезбүнүн тамынан баштап, Ташкулова Назиранын тамына чейинки көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Жанчаров Үркүналынын аты берилсин.
2. Аталган көчөнүн жолдорун ондоого, көчөлөрүн көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы уулдары Үркүналиев Базарбекке жана Жанчаров Жаныбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: А. Дөөлөткелдиев