Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
2021-жылдын 24-декабры № 2
«Таш-Көмүр шаарынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө»
Таш-Көмүр шаарынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сооронбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 30 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сооронбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык мэриянын 21.12.2021-жылдагы 01-14/1865 катына ылайык, КР Финансы министрлигинен республикалык бюджеттин бекитилгендиги боюнча кат жана көзөмөлдөөчү (контролдук) көрсөткүч келе электигине байланыштуу, “Таш-Көмүр шаарынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө” маселе бүгүнкү сессиянын күн тартибинен алынып, кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (К.Сооронбаев) жүктөлсүн.
Төрага | С.Кудайбердиев
|