Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
2021-жылдын 24-декабры № 3
«Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө»
Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу күз кышка даярдыктар боюнча шаардык мэриянын аппарат жетекчиси О.Нурманбетовдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 30 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу күз кышка даярдыктар боюнча шаардык мэриянын аппарат жетекчиси О.Нурманбетовду маалыматы эске алынсын.
2. Аткарылган иштер менен катар төмөнкүдөй кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин:
· №1 ҮДТунда муздак суу, ыссык суу, имаратка жылуулук берүү системасын киргизүү боюнча маселелер бир нече жолу айтылганына карабай эч кандай жумуштар аткарылбагандыгы;
· №11 М.Темирбаев атындагы орто мектептеринде жылуулук берүү системаларын ондоо боюнча маселе бир нече жолу айтылганына карабай бүгүнкү күнгө чейин чечилбегендиги;
· Кызыл-Алма кичи районундагы “Жомок» балдар бакчасынын жылуулук берүү системаларын киргизүү боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөгөндүгү.
3. Шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө (Н.Жоошбаев), «Жылуулук менен жабдуу» ишканасына (Н.Атабаев), РЭТ ишканасына (М.Молдокулов) милдеттендирилсин.
· 2022-жылы №1 ҮДТунда муздак суу, ыссык суу маселелерин чечүү, имаратка жылуулук системасын киргизүүгө жетишүү,
· Мектептердин отканаларына келген көмүрлөрдү сапатына карап комиссия аркылуу кабыл алуу;
· №11 М.Темирбаев атындагы орто мектебинин класс-кабинеттериндеги жана коридордогу жылыткычтарды (батарея) алмаштыруу, мектептин түштүк батыш тарабындагы окуу корпусунун жылуулук системасын ондоп түзөө;
· №13 башталгыч класстар мектебинин (Кудук Сай айылы), «Айданек» балдар бакчасынын (Тендик), Кызыл-Алма кичи районундагы “Жомок» балдар бакчасынын жылуулук берүү системаларын киргизүү;
· Шаардын аймагында жайгашкан жылуулук системалары кирбеген көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү системаларын киргизүү боюнча жумуштарды алып баруу,
4. Талкуунун жүрүшүндө айтылган кемчиликтер боюнча тиешелүү мекеме ишканалар менен биргеликте тез арада чараларды көрүп, күнүмдүк көзөмөлгө алуу жана кемчиликтердин четтетилиши боюнча аткарылган иштер тууралуу шаардык Кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүү жагы “күз кышка даярдыктар боюнча” шаардык мэриянын штабына (Д.Садырбеков) милдеттендирилсин
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Мырзаканов) жүктөлсүн.
Төрага | С.Кудайбердиев
|