Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
2021-жылдын 24-декабры № 4
«Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2022-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы жөнүндө»
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2022-жылга шаарды социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу маселе боюнча М.Кунасовдун сунушун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 30 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2022-жылга шаарды социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу” маселе боюнча М.Кунасовдун сунушу эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын мэри Н.Доулбеков, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 30 – cессиясына келбегендигине байланыштуу, “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2022-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы жөнүндө” маселе кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | С.Кудайбердиев
|