Загрузка документа…
XXIX чакырылышы
Кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры №7
“Шаардын социалдык экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча шаардын мэринин отчету жөнүндө»
“Шаардын социалдык экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча шаардын мэринин отчету жөнүндө” маселе тууралуу шаардык Кенештин төрагасынын орун басары, депутат А.Рахмановдун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 30– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын социалдык экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча шаардын мэринин отчету жөнүндө” маселе тууралуу шаардык Кенештин төрагасынын орун басары, депутат А.Рахмановдун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 30– cессиясынын күн тартибинде “Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча шаардын мэринин отчету жөнүндө” маселе болгонуна карабастан, Таш-Көмүр шаарынын мэри Н.Доулбеков негизсиз сессияга катышпагандыгы, 2021-жылдын 9 айында шаардын бюджетинин жана шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылыштары боюнча отчетторунун берилбегендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункт 16-пунктчасына ылайык, Таш-Көмүр шаарынын мэри Н.Доулбековдун ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселеси каралсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин аппарат жетекчиси – жоопту катчысы (Э.Тажимырзаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар
Кенешинин төрагасы: С.Кудайбердиев